# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-августундагы № 109 "Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-августундагы № 109 "Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3773/edition/15191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-августундагы № 109 "Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012734

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2024-жылдын 30-августу № 109 Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Сузак округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.С.Сатаровдун, А.Т.Карымбаевдин, Т.А.Бекмурзаевдин Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Ата Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сатаров Абдынасыр Садыржанович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Карымбаев Асанбек Тагайбекович, Бекмурзаев Турат Асилбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Умарбекова Тамара Калдыкбаевна, Женишбек кызы Канзада, Бердыходжаев Кубатбек Кадырбекович Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 67 (3621) саны менен жарыяланды

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
