# Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 547
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31403/edition/15126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012710

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 11-ноябры № 547

Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ведомстволор аралык комиссия:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык улуттук операторду тандоону өткөрсүн;

- тандоонун жыйынтыгы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди жөнөтсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына улуттук операторду аныктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Аныкталгандан кийин улуттук оператор (макулдашуу боюнча) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн наркын макулдашсын:

- навигациялык пломбалардын;

- навигациялык пломбалардын ижарасын;

- навигациялык пломбаларды коюу/чечүү, анын ичинде навигациялык пломбаларды ачуу (активдештирүү)/жабуу (деактивдештирүү) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн;

- навигациялык пломбаларды техникалык тейлөөнүн.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2020-жылдын 4-декабрындагы № 99 (3171) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Н. Жапаров

2-тиркеме

Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо системасынын улуттук операторун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бажы жана тарифтик саясат башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча); бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).
