Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын «2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-августу № 78
2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы ПЖ № 183 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Begin_nocompare
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 18-августундагы № 78 токтому менен бекитилген
Ысык-көл облусу
Жети-Өгүз району Саруу айылдык кеңеши (Мандаттын саны - 21 мандат, анын ичинен - 9 аялдар үчүн резерв) № 1 Саруу шайлоо округу (УШК № 3191) Борбору: Жети-Өгүз району, Саруу айылы Жээренбай ажы көчөсү № 59, маданият үйү Шайлоочунун саны: 1864 Мандаттын саны: 7. Анын ичинен - 3 аялдар үчүн резерв Чек арасы: Рахматов Абдразак көчөсү жуп жагы № 2ден № 64кө чейин, Уркунчиев Эшим көчөсү № 1ден № 94кө чейин, Соно-Ажы көчөсү № 1ден № 238ге чейин, Мусабеков Медий көчөсү № 1ден № 197ге чейин, Сүйүнбаев Абдрахман көчөсү № 1ден № 182ге чейин, Мамажан көчөсүнүн башынан аягына чейин так жагы № 1ден № 193кө чейин толук жана орто көчөлөр Мамажан көчөсүнүн так жагынан тоону көздөй: Тоголок молдо так жагы № 1ден № 3кө чейин, Жумагулов Борбаш № 1ден № 9га чейин, Акматов Эсенкан № 1ден № 10го чейин, Токтогул Сатылганов № 1ден № 8ге чейин, Ашмакун Сатылганов № 1ден № 6га чейин, Искаков Мадыш № 1ден № 8ге чейин, Султан Сарыбаев № 1ден № 7ге чейин, Касымбеков Кубаткул № 1ден № 13кө чейин, Шамбетов Абдриса № 1ден № 8ге чейин, Чыныбаев Ыскак № 1ден № 21ге чейин көчөлөрү кирет. № 2 Санаторий шайлоо округу (УШК № 3190, 3192) Борбору: Жети-Өгүз району, Саруу Жээренбай ажы көчөсү № 57, С.Сыдыков атындагы орто мектеби Шайлоочунун саны: 2312 Мандаттын саны: 7. Анын ичинен - 3 аялдар үчүн резерв Чек арасы: Саруу айылы, Кендирбаев Касым көчөсү № 1ден № 58ге чейин, Молдокматов Абдыкалый көчөсү № 1ден № 176га чейин, Такырбашев Толумбек так жагы № 1ден № 133кө чейин жуп жагы № 2ден № 160ка чейин, Алдашев Байгазы № 1ден № 202ге чейин, Сулайманов Уркалый № 1ден № 16га чейин, Абдраев Шарып № 1ден № 11ге чейин, көчөлөрү башынан аягына чейин жана орто көчөлөр Абдраев Шарып көчөсүнөн Аттокуров Ишен көчөсүнө чейин тоону көздөй Ташыбеков Урказы жуп жагы № 2ден № 12ге чейин, Тоголок молдо № 1ден № 11ге чейин, Жумагулов Борбаш № 1ден № 16га чейин, Акматов Эсенкан № 1ден № 23кө чейин, Токтогул Сатылганов № 16дан № 20га чейин, Ашмакун Сатылганов № 19дан № 24кө чейин, Искаков Мадыш № 11ден № 19га чейин, Султан Сарыбаев № 19дан № 23кө чейин, Касымбеков Кубаткул № 24төн № 42ге чейин, Шамбетов Абдриса № 19дан № 26га чейин, Чыныбаев Ыскак көчөлөрү № 34төн № 41ге чейин кирет. Санаторий Ысык-Көл айылы Көл көчөсү № 1ден № 58ге чейин, Токтосунов Асанкадыр № 1ден № 45ке чейин, Ысык-Көл санатория айылы толугу менен кирет. № 3 Чабалдаев шайлоо округу (УШК № 3249) Борбору: Жети-Өгүз району, Саруу айылы Мамажан көчөсү № 39, Жапар Чабалдаев атындагы орто мектеби Шайлоочунун саны: 1863 Мандаттын саны: 7. Анын ичинен - 3 аялдар үчүн резерв Чек арасы: Мамажан көчөсүнүн башынан аягына чейин жуп жагы № 2ден № 188ге чейин, Жумадылов Акий көчөсү № 1ден № 40ка чейин, Жээренбай-Ажы көчөсү № 1ден № 155ке чейин, Урманбетов Асек көчөсү № 1ден № 34кө чейин, Аттокуров Ишен көчөсү № 1ден № 171кө чейин жана орто көчөлөр Аттокуров Ишен көчөсүнөн Мамажан көчөсүнүн жуп жагына чейин тоону көздөй Тоголок молдо № 5тен № 9га чейин, Жумагулов Борбаш № 6дан № 27ге чейин, Акматов Эсенкан № 12ден № 19га чейин, Токтогул Сатылганов № 10дон № 16га чейин, Ашмакун Сатылганов № 8ден № 19га чейин, Искаков Мадыш № 8ден № 11ге чейин, Султан Сарыбаев № 8ден № 18ге чейин, Касымбеков Кубаткул № 14төн № 23кө чейин, Шамбетов Абдриса № 9дан № 18ге чейин, Чыныбаев Ыскак № 22ден № 33кө чейин көчөлөрү толук кирет. End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы ПЖ № 183 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын…Указ · 08.08.2023 · № 183
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79