Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Евразиялык соода-логистикалык комплекси» инвестициялык-курулуш долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун расмий тилдеги долбоору жактыруу жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 30-августу № 519-т 2023-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы "Евразиялык соода-логистикалык комплекси'" инвестициялык-курулуш долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. 2023-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы "Евразиялык соода-логистикалык комплекси" инвестициялык-курулуш долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кошумча Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынын Ленин айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 456, 57 га жер участогун "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги" жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылдык мөөнөтке мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясына "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги" жоопкерчилиги чектелген коому менен жалпы аянты 456, 57 га жер участогуна ижара акысынын суммасынын 50 %ын төлөө шартында ижара келишимин түзүү сунушталсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.10.2019 · № 535
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.