# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 493-т (Аба кемеси товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 493-т (Аба кемеси товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 493-р
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19272/edition/15010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 493-т (Аба кемеси товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу) тескемеси (22.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012630

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 22-августу № 493-т

"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасына алып келинүүчү, өлкөнүн биринчи адамдарын тейлөө үчүн арналган, сериялык номери MSN 01868 "Airbus А320 ACJ" моделиндеги аба кемеси товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
