# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы ПЖ № 229 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы ПЖ № 229 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10687/edition/14994/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы ПЖ № 229 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө" Жарлыгы (27.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012614

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 27-августу ПЖ № 229

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө

Мигранттардын укуктарын коргоо, мыйзамсыз миграцияны болтурбоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдоо, ошондой эле глобалдык чакырыктарды чечүүдө эл аралык диалогду бекемдөө жана тажрыйба алмашуу максатында, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2018-жылдын 19-декабрындагы А/RES/73/195 резолюциясы менен жактырылган Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Глобалдык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына кабарласын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
