# Суу-Башы айылдык кенешинин 23024-жылдын 20-августундагы №113 "Макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кенешинин 23024-жылдын 20-августундагы №113 "Макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012573>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31295/edition/14951/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кенешинин 23024-жылдын 20-августундагы №113 "Макулдук берүү жөнүндө" токтому (20.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012573

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXXVI сессиясы

2024-жылдын 20-августу № 113 Макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №26 токтомунун негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешининVII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы токтом кылат:

1. №193-контурундагы 0,30га жер аянты таштуу жайыт жер, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кара-Токой айылындагы асылдуулугу төмөн айыл чарба жерин өздөштүрүү үчүн жана айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн 0,30га жер аянтын көп жылдык мөмө-жемиш бактарына айландыруу максатында,”Жайыт”жер түрүнөн “Айыл-чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Бөрүев
