# Торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №6 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 2,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №6 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 2,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012555>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31280/edition/14934/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №6 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 2,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012555

---

ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

2024-жылы 14-июну № 6 Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 2,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө

КР Жер кодексине, КР Жер участогун которуу жөнүндөгү №145-мыйзамына ылайык, кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жыл 21-январындагы №26 токтомунун, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун 2024-жылдын 06-июнундагы сунушу жана айылдык Кеңештин жер боюнча комитетин №2 чечиминин негизинде,депутаттар арасында арасында Төрт-ГүлайылдыкКенешинин VIIчакырылышынын кезектеги II сессиясытоктом кылат:

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын батыш тарабындагы №619-контурдан 1,0 га, №668-контурдан 0,85 га, №673- контурундагы 0,15 га, жалпы 2,0 га таштуу жайыт жер аянтын“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги “Жайыт түрүнөн”, “Көп жылдык бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жүктөлсүн

Кенешинин торагасы:

Н.Артыков
