# торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №5 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 30,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №5 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 30,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012554>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31279/edition/14933/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: торт-Гул айылдык кенешинин 2024-жылдын 14-июнундагы №5 "Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 30,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012554

---

ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

2024-жылы 14-июну № 5 Ак-Турпак айылынын батыш тарабынан 30,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө

КР Жер кодексине, КР Жер участогун которуу жөнүндөгү №145-мыйзамына ылайык, кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жыл 21-январындагы №26 токтомунун, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун 2024-жылдын 06-июнундагы сунушу жана айылдык Кеңештин жер боюнча комитетин №2 чечиминин негизинде,депутаттар арасында арасында Төрт-ГүлайылдыкКенешинин VIIчакырылышынынкезектеги II сессиясытоктом кылат:

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын батыш тарабындагы №667-контурдан 11,30 га, №668-контурдан 11,20 га, №792-контурундагы 4,20 га, №977-контурундагы 3,30 га таштуу жайыт жер аянты, жалпы 30,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги “Жайыт түрүнөн”, “Көп жылдык бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жүктөлсүн

Кенешинин торагасы:

Н.Артыков
