# Сын-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 29/6-28 "Сын-Таш айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сын-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 29/6-28 "Сын-Таш айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29/6-28
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31211/edition/14857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сын-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 29/6-28 "Сын-Таш айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (26.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012472

---

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 26-июлу № 29/6-28

Сын-Таш айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө

Сын-Таш айыл аймагынын эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп келген резервге талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Сын-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сын-Таш айыл аймагынын №7095, №7096, №7097, №7098, №7099, №7100, №7101, №7102, № 7145 шайлоо участкаларынын резервине талапкерлердин тизмеси бекитилсин.

2. Ушул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлсүн.

Төрага

Джолдошбеков Э.Б.
