# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 595 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 595 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31186/edition/14813/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 595 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012430

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-июлу № 393

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 595 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилеринин экспортуна дем берүү жана көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 595 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 4101 товардык позициясындагы бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын жүндүү же жүнсүз, кабатталган же кабатталбаган иштетилбеген терилерине (бууга кармалган же туздалган, кургатылган, күл, пикелеван же же башка ыкма менен ашатылган, бирок ийленбеген, пергамент үчүн иштетилбеген же андан ары иштетүүгө кабылбаган) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасы төмөнкүдөй белгиленсин:

- 2024-жылдын 31-декабрына чейин бажы наркынан 10%, бирок 1000 кг үчүн 100 евродон кем эмес өлчөмдө;

- 2025-жылдын 1-январынан тартып бажы наркынан 20%, бирок 1000 кг үчүн 200 евродон кем эмес өлчөмдө.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
