# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 385
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31184/edition/14809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (12.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012423

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-июлу № 385

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мунайзаттарды үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде:

- 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Күз-кыш мезгилинде бош транспорт каражатынын кыймылы 21:00гө чейин жүзөгө ашырылат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
