# Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 378 токтомуна)

- Толук аталышы: Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 378 токтомуна)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-553/edition/14799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 378 токтомуна) (12.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012414

---

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 378 токтомуна)

Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу ТАРТИБИ

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Тартип "Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибин аныктайт.

2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

балык уулоочу синтетикалык торлор - химиялык жол менен алынган жиптерден жасалган торлор; электр менен кармоочу тутумдар - өткөргүчтөрү жана аккумулятору (батареясы) туташтырылган электрдик сигнал генераторлорунан турган, электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарды алуу (кармоо) функциясын биргелешип аткарган түзүлүштөр.

## 2-глава. Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу

3. Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволук уюмдарында түзүлгөн жана 3төн кем эмес адамдан турган комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Көлмөлөрдө жана балык уулоочу участоктордо, ошондой эле башка жерлерде жаратылышты коргоочу жана балыкты коргоочу рейддик иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө табылган балык уулоочу синтетикалык торлор жана электр менен кармоочу тутумдар жок кылуу үчүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш.

5. Синтетикалык балык уулоочу торлор таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларга тапшыруу жолу менен жок кылынууга тийиш.

Таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар жок болгон учурда синтетикалык балык уулоочу торлор атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын болтурбоочу тазалоочу түзүлүштөр менен жабдылган атайын мештерде өрттөө жолу менен жок кылуу үчүн адистештирилген уюмдарга берилет. Комиссия тарабынан балык уулоочу синтетикалык торлорду жок кылууну фото жана видеого жазуу менен аларды жок кылуу фактысы боюнча 1-тиркемеге ылайык тиешелүү акт түзүлөт.

6. Электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу калдыктарды жайгаштыруу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерде (санкцияланган таштанды төгүүчү жайлар, полигондор) аларды жараксыз абалга келтиргенден жана траншеяларга салуу жана топурак менен тыгыздоо жолу менен жараксыз тоо-тек үймөгүнө топтогондон кийин ишке ашырылат. Комиссия тарабынан электр менен кармоочу тутумдарды жок кылууну фото жана видеого жазуу менен аларды жок кылуу фактысы боюнча 2-тиркемеге ылайык тиешелүү акт түзүлөт.

7. Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу мөөнөтү алар табылган күндөн тартып 30 жумуш күндү түзөт.

8. Жок кылынган балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды эсепке алуу 3-тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.

Begin\_nocompare

Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибине 1-тиркеме

Балык уулоочу синтетикалык торлорду жок кылуу жөнүндө № \_\_\_\_\_\_\_\_ АКТ

202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

акт түзүлгөн жер (шаар, обл., р-н)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) Комиссия курамында: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(фамилиясы, кызмат орду, иштеген жери)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_ 202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ балык уулоочу торлорду жок кылууну жүргүзүштү Жайгашкан жери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(шаар, облус, район, калктуу конуш)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жок кылынган балык уулоочу торлордун тизмеги жана саны:

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жок кылынган балык уулоочу торлордун жалпы саны: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Балык уулоочу торлор төмөнкүдөй жол менен жок кылынды \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Негиз: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому.

Комиссиянын төрагасы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду, колу) (фамилиясы, аты-жөнү)

Комиссиянын мүчөлөрү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду, колу) (фамилиясы, аты-жөнү)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибине 2-тиркеме

Электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу жөнүндө № \_\_\_\_\_\_\_\_ АКТ

202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

акт түзүлгөн жер (шаар, обл., р-н)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) Комиссия курамында: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(фамилиясы, кызмат орду, иштеген жери)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_ 202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ электр менен кармоочу тутумдарды жок кылууну жүргүзүштү Жайгашкан жери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(шаар, облус, район, калктуу конуш)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жок кылынган электр менен кармоочу тутумдардын тизмеги жана саны:

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жок кылынган электр менен камоочу тутумдардын жалпы саны: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Электр менен кармоочу тутумдар төмөнкүдөй жол менен жок кылынды \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Негиз: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому.

Комиссиянын төрагасы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду, колу) (фамилиясы, аты-жөнү)

Комиссиянын мүчөлөрү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду, колу) (фамилиясы, аты-жөнү)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибине 3-тиркеме

Эсепке алуу ЖУРНАЛЫ

№

Заттын аталышы

Жок кылуу жери

Ээси жок

Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди

узундугу (метр)

саны (даана)

акт түзүлдү (даана)

узундугу (метр)

саны (даана)

акт түзүлдү (даана)

1

Балык уулоочу синтетикалык торлор

2

Электр менен кармоочу тутумдар

End\_nocompare
