# Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 29-декабры № 53 "Жергиликтүү мулк салыктары жана жыйымдар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 29-декабры № 53 "Жергиликтүү мулк салыктары жана жыйымдар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31165/edition/14786/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 29-декабры № 53 "Жергиликтүү мулк салыктары жана жыйымдар жөнүндө" токтому (29.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012405

---

БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бурана айылдык кенешинин 28- чакырылышынын көзектеги сессиясы

2022 жылдын 29-декабры № 53 Жергиликтүү мулк салыктары жана жыйымдар жөнүндө Бурана айылдык кенеши, «Кыргыз Репсубликасынын салык кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин жана Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Чүй району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы №106 катынын негизинде, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:

ТОКТОМ

1. 2023-жылдын 1-январынан баштап Бурана айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү жергиликтүү мүлк салыктары жана жыйымдар киргизилсин:

1.Жергиликтүү мүлк салыктары:

1) Турак жай имаратына,курулмага жана жайга мүлк салыгы;

2) Турак жай эмес имаратка,курулмага жана жайга салык;

3) Үй жанындагы,короо жайга жана багбанчылык-чарбак жер участогуна

мүлк салыгы;

4) Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы

эмес жерлерге салык;

5) Транспорт каражатына мүлк салыгы.

2. Токтомдун аткарылышы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет комитетинин төрагасы М.Эсеновго жүктөлсүн.

Төрага

А.Б.Исагалиев
