Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 18-октябры № 37 «Бурана айыл өкмөтүнүн каналдарынын эки жээгиндеги жер тилкелерин чектеп берүү жөнүндө» токтому
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бурана айылдык кенешинин 28- чакырылышынын көзектеги сессиясы
2022 жылдын 18-октябры № 37
Бурана айыл өкмөтүнүн каналдарынын эки жээгиндеги жер тилкелерин чектеп берүү жөнүндө
Чүй районунун суу чарба башкармалыгынын 20.04.2022-жылдагы № 72 катын Бурана айылдык кеңешинин кезектеги 18-октябрь 2022-жылдагы №18 отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271- токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу обьектилери тууралуу Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин №32-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Бурана айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бурана айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан узундугу 4,89 километр келген ВБЧК системасынын чарбалар аралык «Р-11» каналынын эки тарабындагы жол 5-10 метрге чейинки аралыктагы суу обьект тилкелери Чүй районунун суу чарба башкармалыгына уруксат берилсин.
2. Чүй районунун суу чарба башкармалыгы бекитилген тартипте Мамлекеттик «Кадастр» мекемесинин Токмок-Чүй филиалынан «Р-11» каналынын эки тарабындагы жол жээгиндеги жер тилкелерин мөөнөтү көрсөтүлбөгөн Мамлекеттик актыларын алуу жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Эсенбековго жүктөлсүн.
Төрага
А.Б.Исагалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.