# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин маалыматтык камсыз кылуу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин маалыматтык камсыз кылуу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 427
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31167/edition/14788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин маалыматтык камсыз кылуу жөнүндө" Токтому (26.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012391

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-июлу № 427

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин маалыматтык камсыз кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 21, 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине маалымат берүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарынын жана уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 24-октябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин маалымат-аналитикалык борборуна маалымат берүүчү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка борбордук аткаруу органдарынын тизмеси жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине маалымат берүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарынын жана уюмдардын ТИЗМЕГИ

1. Министрликтер, административдик ведомстволор (анын ичинде түзүмдүк жана ведомстволук бөлүкчөлөр), аскердик түзүлүштөр (бирикмелер, бөлүктөр жана мекемелер).

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

3. Мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана иши мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдар.
