# 27-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5396/edition/14764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012378/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 27-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-27

---

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн тейлөөчүнү тандоо;

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда иштеген берүүчүлөр тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү;

- милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү маалыматтын аныктыгын контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик милдеттенмелерди аткаргандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата оң же терс мүнөздөгү финансылык чараларды көрүү.";

16) 29 жана 30-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"29-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын жоопкерчилиги Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу субъекттеринин алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-26)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-30)
