27-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын укуктары
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн тейлөөчүнү тандоо;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда иштеген берүүчүлөр тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү;
- милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү маалыматтын аныктыгын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик милдеттенмелерди аткаргандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата оң же терс мүнөздөгү финансылык чараларды көрүү.";
16) 29 жана 30-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын жоопкерчилиги Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу субъекттеринин алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230012378/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>