# 23-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруу органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5396/edition/14764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012378/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 23-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-23

---

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруунун жогорку органы болуп, бардык кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүк принциби боюнча түзүүчү Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш саналат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруу органы болуп милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган саналат.";

14) 24-статьяда:

а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "24-статья. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш";

б) биринчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш):";

15) 25-27-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган Милдеттүү медициналык камсыздандырууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган жүзөгө ашырат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын өзүнүн аймактык башкаруу органдары болот жана алар аркылуу тиешелүү аймакта жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашырат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган жана анын аймактык башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-18)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-26)
