23-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруу органдары
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруунун жогорку органы болуп, бардык кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүк принциби боюнча түзүүчү Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш саналат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруу органы болуп милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган саналат.";
14) 24-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "24-статья. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш";
б) биринчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш):";
15) 25-27-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган Милдеттүү медициналык камсыздандырууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган жүзөгө ашырат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын өзүнүн аймактык башкаруу органдары болот жана алар аркылуу тиешелүү аймакта жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашырат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган жана анын аймактык башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230012378/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>