# 18-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5396/edition/14764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012378/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 18-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-18

---

Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмдөрү Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан каралат жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.";

11) 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу субъекттеринин өз ара мамилелери Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт.";

12) 21-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "21-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдердин шарттары";

13) 22 жана 23-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын бюджетинен жүзөгө ашырылат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын бюджетинин курамына кирген каражаттар мамлекеттик менчик болуп саналат, башка бюджеттердин, фонддордун курамына кирбейт жана салык салынбайт жана мамлекеттик бюджетке алынбайт.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-11)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-23)
