# 11-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5396/edition/14764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012378/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 11-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-11

---

Милдеттүү медициналык камсыздандырууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы жана анын аймактык башкаруу органдары жүзөгө ашырат.";

7) 13-статьяда:

а) биринчи бөлүктө:

- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдер түзүлгөн саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;";

- төртүнчү абзацта "медициналык мекемеде" деген сөздөр "саламаттык сактоо уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого.";

8) 15-статьянын биринчи бөлүгүндө "контролдоого укуктуу" деген сөздөр "контролдойт" деген сөзгө алмаштырылсын;

9) 16-статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жарандык мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандарга медициналык, ден соолукту чыңдоочу, реабилитациялык, алдын алуучу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүүгө;";

10) 17 жана 18-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөр Камсыздандыруу төлөмдөрү милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан чогултулат, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын эсебине өз убагында которуу жана топтоо үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органына берилет.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-2)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-18)
