# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5396/edition/14764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012378/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-берененин 1-бөлүгүндө "базалык мамлекеттик жана" деген сөздөр алып салынсын;

2) 7-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин түзүмү";

3) 41-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети төмөнкүлөр болуп саналат:

1) республикалык бюджеттен төмөнкүдөй ассигнованиелер:

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары катары берилүүчү;

- саламаттык сактоодогу максаттуу программаларды ишке ашырууга берилүүчү;

2) Социалдык фонддун бюджетинен алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;

3) медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна камтылбаган юридикалык жана жеке (анын ичинде чет өлкөлүк) жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;

4) келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте өндүрүлгөн финансылык санкциялар;

5) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;

6) социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка кирешелер.";

4) 42-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"42-берене. Бюджеттин чыгашалары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:

1) милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;

2) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын каржылоого;

3) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга;

4) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо жаатындагы ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө.";

5) 77-беренеде:

а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды топтойт;";

б) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды саламаттык сактоо жаатында ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн саламаттык сактоону өнүктүрүүгө багыттайт;".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378/st-2)
