Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 1-бөлүгүндө "базалык мамлекеттик жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) 7-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин түзүмү";
3) 41-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык бюджеттен төмөнкүдөй ассигнованиелер:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары катары берилүүчү;
- саламаттык сактоодогу максаттуу программаларды ишке ашырууга берилүүчү;
2) Социалдык фонддун бюджетинен алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна камтылбаган юридикалык жана жеке (анын ичинде чет өлкөлүк) жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте өндүрүлгөн финансылык санкциялар;
5) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;
6) социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка кирешелер.";
4) 42-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-берене. Бюджеттин чыгашалары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:
1) милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын каржылоого;
3) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга;
4) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо жаатындагы ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө.";
5) 77-беренеде:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды топтойт;";
б) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды саламаттык сактоо жаатында ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн саламаттык сактоону өнүктүрүүгө багыттайт;".
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230012378/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>