ак-Татыр айылдык кенешинин « Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 40 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсү, 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштурууда айылдык кеңешинин депутаттарынын катышуусун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз жана Рават айылдарында 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууну өткөрүү үчүн үч айылда өтө турган күндөрү белгиленсин, жооптуу адамдар көрсөтүлсүн.
Айылдарда өтө турган күндөрү жана жооптуу адамдар.
№
Айылдын аты
Боло турган күнү жана сааты
Жооптуу адамдар
1
Ак-Татыр
25.07.2024 , 17:00
Камалов Алыкул
2
Орто-Боз
25.07.2024 , 10:00
Исаков Анарбай
3
Рават
24.07.2024 , 10:00
Мажитова Максатай
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, төраганын орун басарына жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага:
Ысаков С.Б.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123