Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-майы № 50
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 2023-жылдын 6-майындагы өткөрүлгөн шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезегин аныктоо жөнүндө чүчүкулактын натыйжасы жөнүндөгү протоколуна ылайык, "Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетенинин тексти тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерди Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.
3. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде, шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты мыйзамда белгиленген тартипте шайлоо бюллетендерин Ленин округдук шайлоо комиссиясына жеткирүүнү жана берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 22 сентября 1997 года №540 "Об изготовлении документов строгой отчетности"Постановление · 22.09.1997 · № 540
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79