# Ош шаардык кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы №222 "Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун кээ бир бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы №222 "Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун кээ бир бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31052/edition/14607/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы №222 "Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун кээ бир бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому. (06.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012228

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2024-жылдын 6-июну № 222 Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун кээ бир бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысы Ж.Насиповдун Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун кээ бир бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 5-июнундагы №13 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 1.12. пункту жокко чыгарылсын.

2.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 1.11. пунктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайыкташтыруу жана Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизүү милдеттендирилсин.

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы

С.С. Назылбеков
