# Ош шаардык кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы №215 "Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы №215 "Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31045/edition/14593/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы №215 "Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому. (06.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012220

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2024-жылдын 6-июну № 215 Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын жетекчиликке алып, Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 8-майындагы №8 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаардык жылуулук электр борборун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу тапшырылсын.

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы

С.С. Назылбеков
