Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 215 Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын жетекчиликке алып, Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 8-майындагы №8 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаардык жылуулук электр борборун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
С.С. Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.