# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10675/edition/14649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (26.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012197

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 26-июлу ПЖ № 208

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Айыл чарбасын өнүктүрүү, агроөнөр жай кластерлердин субъекттерин агроазык-түлүк продукцияларын сатуунун эл аралык рынокторуна чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктта "Алдынкы агроөнөр жай комплекси" жоопкерчилиги чектелген коомунун" деген сөздөр "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коомунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 4-пункттун "б" пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кластердин катышуучуларынын реестрин каттоо жана жүргүзүү;".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
