# Туз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 34/28-XII "Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттарда пайдалангандык үчүн зоналык коэффициентти жана жерлерге короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Туз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 34/28-XII "Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттарда пайдалангандык үчүн зоналык коэффициентти жана жерлерге короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34/28-XII
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30974/edition/14492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Туз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы № 34/28-XII "Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттарда пайдалангандык үчүн зоналык коэффициентти жана жерлерге короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын бекитүү жөнүндө" токтому (27.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012119

---

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 27-январы № 34/28-XII

Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттарда пайдалангандык үчүн зоналык коэффициентти жана жерлерге короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын бекитүү жөнүндө

Кирешелер боюнча башкы адис Ж.У Кожогулованын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык зоналдык коэффициенттин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан 3 жылда бир жолу үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен белгилене тургандыгы жөнүндө маалыматтыугуп жана талкуулап,калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттар үчүн пайдалангандык үчүн зоналык коэффициентти жана короо-жай участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгын бекитүү максатында, Туз айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калктуу конуштардын жерлерин айыл чарбалык эмес максаттар үчүн пайдалануунун зоналык коэффициенти бекитилсин - 1,2

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Туз айылдык Кеңешинин төрагасы

Б.К Салтыкеев
