# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10668/edition/14491/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012114

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 17-июлу ПЖ № 191

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө

Калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттин стратегиялык максаттарына ылайык, жарандарды заманбап жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасы жана Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгы кабыл алынганга чейин мөөнөтсүз колдонулат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- бир айлык мөөнөттө мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ар жылдык иш-аракеттер планында Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү карасын;

- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын каржылоо булактарын тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын иштеп чыксын;

- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын иштеп чыксын;

- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү матрицасын жана баалоо индикаторлорун, ошондой эле бюджетин иштеп чыксын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
