Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Кулжа, Токмок, Сокулук, Нарын, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-апрели № 43
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Кулжа, Токмок, Сокулук, Нарын, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (09.04.2023-ж. № 9) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. № 13) - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайку айылдык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (08.04.2023-ж. № 21) - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. № 8) - Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (14.04.2023-ж. № 4) - Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (03.04.2023-ж. № 8) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (14.04.2023-ж. № 6, 7; 19.04.2023-ж. № 8, 9) - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз Булак, Түп, Сары-Булак, Ысык-Көл жана Ак-Булуң айылдык кеңештери боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (17.03.2023-ж. № 9, 10; 17.04.2023-ж. № 11, 12) - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой, Темировка, Кумбел жана Садыр-Аке айылдык кеңештери боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. № 38) - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. № 8) - Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. № 8) - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. № 38) - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет". Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа, Сокулук, Нарын, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сокулук, Түп жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Токмок, Сокулук, Нарын, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Токмок, Сокулук, Нарын, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Begin_nocompare
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 43 токтомунун 1-тиркемеси
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
Ф.А.А.
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз
Ош облусу
Кара-Кулжа району
1
Алайку айылдык
Шамшибек уулу Байдос
Кара-Кулжа АШК, № 13, 19.04.2023-ж. (31.03.2023-ж. - өз арызы)
Чүй облусу
Сокулук району
2
Жаңы-Жер айылдык
Джекшенов Мирлан Ратынбекович
Сокулук АШК, № 8, 19.04.2023-ж. (27.02.2023-ж. - өз арызы)
Нарын облусу
Нарын району
3
Эмгекчил айылдык
Баатырша уулу Камбарбек
Нарын АШК, № 4, 14.04.2023-ж. (14.04.2023-ж. - өз арызы)
Ысык-Көл облусу
Түп району
4
Тогуз-Булак айылдык
Жумагулов Улан Тилекович
Түп АШК, № 6, 14.04.2023-ж. (28.03.2023-ж. - өз арызы)
5
Табалдиев Акылбек Ниязович
Түп АШК, № 6, 14.04.2023-ж. (01.04.2023-ж. - өз арызы)
6
Созаева Эльмира Мухажировна
Түп АШК, № 8, 14.04.2023-ж. (19.04.2023-ж. - өз арызы)
7
Түп айылдык
Алымжанова Венера Дуйшакиновна
Түп АШК, № 6, 14.04.2023-ж. (22.03.2023-ж. - өз арызы)
8
Сары-Булак айылдык
Касенов Бакытбек Дайырович
Түп АШК, № 6, 14.04.2023-ж. (22.03.2023-ж. - өз арызы)
9
Ак-Булуң айылдык
Усенов Нуржан Абдыкеримович
Түп АШК, № 6, 14.04.2023-ж. (23.03.2023-ж. - өз арызы)
Ысык-Көл району
10
Кара-Ой айылдык
Абыдкалыков Алтынбек Кубатбекович
Ысык-Көл АШК, № 9, 17.03.2023-ж. (18.02.2023-ж. - өз арызы)
11
Садыр-Аке айылдык
Ауельбаева Бактыгуль Бейшенбековна
Ысык-Көл АШК, № 9, 17.03.2023-ж. (28.02.2023-ж. - өз арызы)
12
Шадыканов Турсунбек Асылбекович
Ысык-Көл АШК, № 9, 17.03.2023-ж. (28.02.2023-ж. - өз арызы)
13
Темировка айылдык
Исмакеев Калыс Тулобаевич
Ысык-Көл АШК, № 9, 17.03.2023-ж. (24.02.2023-ж. - өз арызы)
14
Асанканова Жылдыз Айылчиевна
Ысык-Көл АШК, № 9, 17.03.2023-ж. (25.02.2023-ж. - өз арызы)
15
Кумбел айылдык
Керимбек уулу Тойчубек
Ысык-Көл АШК, № 11, 17.04.2023-ж. (10.04.2023-ж. - өз арызы)
Баткен облусу
Баткен шаары
16
Баткен шаардык
Муратов Айбек Султаналиевич (8) "Эмгек" депутаттык фракциясы
Баткен АШК, № 38, 19.04.2023-ж. (11.04.2023-ж. - өз арызы)
17
Дүйшөева Уулкан Азизбаевна (3) "Ынтымак" депутаттык фракциясы
Баткен АШК, № 38, 19.04.2023-ж. (07.04.2023-ж. - өз арызы)
18
Матазимов Камалидин Сыдыкович (7) "Ынтымак" депутаттык фракциясы
Баткен АШК, № 38, 19.04.2023-ж. (07.04.2023-ж. - өз арызы)
19
Жээнкулов Каныбек Жолдошбаевич (8) "Ынтымак" депутаттык фракциясы
Баткен АШК, № 38, 19.04.2023-ж. (07.04.2023-ж. - өз арызы)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 43 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин
Ф.А.А.
Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз
Чүй облусу
Сокулук району
1
Жаңы-Жер айылдык
Сапаралиев Кенешбек
Сокулук АШК, № 8, 19.04.2023-ж. (11.04.2023-ж. - өз арызы)
Ысык-Көл облусу
Тюп району
2
Тогуз-Булак айылдык
Турдубаева Айгуль
Тюп АШК, № 8, 19.04.2023-ж. (19.04.2023-ж. - өз арызы)
Баткен облусу
Баткен шаары
3
Баткен шаардык
Маматисаев Мансурбек Тойчубекович (11) "Эмгек" саясий партиясы
Баткен шаардык АШК, № 38, 19.04.2023-ж. (11.04.2023-ж. - өз арызы)
4
Дүйшеева Гүлкайыр Маткалыковна (15) "Ынтымак" саясий партиясы
Баткен шаардык АШК, № 38, 19.04.2023-ж. (12.04.2023-ж. - өз арызы)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 43 токтомунун 3-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын
Ф.А.А.
Иштеген жери, ээлеген кызматы
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими
Ош облусу
Кара-Суу району
1
Кызыл-Суу айылдык
Дадабаев Кылычбек Раимбердиевич
Убактылуу иштебейт
Кара-Суу АШК, № 9, 09.04.2023-ж.
Кара-Кулжа району
2
Алайку айылдык
Сооронбай уулу Талантбек
Алайку токой чарбасынын башкы бухгалтери
Кара-Кулжа АШК, № 13, 19.04.2023-ж.
Чүй облусу
Токмок шаары
3
Токмок шаардык
Арлиев Рахи Арлиевич (11) "Асыл Мурас-Жаштар" саясий партиясы
Жеке ишкер
Токмок АШК, № 21, 08.04.2023-ж.
Сокулук району
4
Жаңы-Жер айылдык
Жолдошев Абдусабыр Камалдинович
Жеке ишкер
Сокулук АШК, № 8, 19.04.2023-ж.
Нарын облусу
Нарын району
5
Эмгекчил айылдык
Шаакеев Эркинбек Султанмамытович
Нарын АШК, № 4, 14.04.2023-ж.
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
6
Кара-Жал айылдык
Рысбек уулу Каниет
Убактылуу иштебейт
Ак-Суу АШК, № 8, 03.04.2023-ж.
7
Дуйшеева Света Кадыровна
Туратбеков атындагы орто мектеп, мугалим
Ак-Суу АШК, № 8, 03.04.2023-ж.
Түп району
8
Тогуз-Булак айылдык
Онкошова Мира Камчыбековна
Асаналиев атындагы орто мектеби, мугалим
Түп АШК, № 7, 14.04.2023-ж.
9
Урбаева Динара Кылчыкбаевна
Убактылуу иштебейт
Түп АШК, № 7, 14.04.2023-ж.
10
Искакова Айнагуль Бектурсуновна
"Бөбөк" бала бакчасынын башчысы
Түп АШК, № 9, 19.04.2023-ж.
11
Түп айылдык
Мустапаева Айзада Нурдановна
Убактылуу иштебейт
Түп АШК, № 7, 14.04.2023-ж.
12
Сары-Булак айылдык
Молдогазы уулу Эдил
Дыйкан чарба
Түп АШК, № 7, 14.04.2023-ж.
13
Ысык-Көл айылдык
Окенов Таштанбек Жаныбекович
Дыйкан чарба
Түп АШК, № 7, 14.04.2023-ж.
Ысык-Көл району
14
Кара-Ой айылдык
Карабалаев Бакыт Болотович
Кадастр, жетектөөчү адис
Ысык-Көл АШК, № 10, 17.03.2023-ж.
15
Темировка айылдык
Кудакеева Бактыгуль Эсентуровна
Жеке ишкер
Ысык-Көл АШК, № 12, 17.04.2023-ж.
16
Кумбел айылдык
Абдиева Венера Асановна
Жеке ишкер
Ысык-Көл АШК, № 12, 17.04.2023-ж.
Баткен облусу
Баткен шаары
17
Баткен шаардык
Нишанов Улукбек Абдуманабович (13) "Эмгек" саясий партиясы
Убактылуу иштебейт
Баткен АШК, № 38, 19.04.2023-ж.
18
Самидинов Мирзаабдулла Онарбаевич (11) "Ынтымак" саясий партиясы
Баткен областтык китепкана, башкы бухгалтер
Баткен АШК, № 38, 19.04.2023-ж.
19
Зикираев Меңдибай Икрамович (13) "Ынтымак" саясий партиясы
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы
Баткен АШК, № 38, 19.04.2023-ж.
20
Өзбекова Алтынай Сулайманбековна (18) "Ынтымак" саясий партиясы
Ден-соолук дарылоо клиникасында врач-невролог
Баткен АШК, № 38, 19.04.2023-ж.
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62