# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 39 "2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 39 "2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3735/edition/14463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 39 "2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө" токтому (17.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012092

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 17-апрели № 39

2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 1 шайлоо участогу ачылган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 1 шайлоо округу түзүлгөн. Бакыян айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн калтырылган. 16 талапкер катталган, анын ичинен 5 талапкер аялдар. 11 депутат шайланды, анын ичинен 4 депутат аялдар. Шайлоочулардын тизмесине 2447 шайлоочу кирген, анын ичинен 1244 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 50,84%ды түздү. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы 1 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 3 шайлоо участогу ачылган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 3 шайлоо округу түзүлгөн. Бейшеке айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 8 мандат аялдар үчүн калтырылган. 41 талапкер катталган, анын ичинен 12 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 8 депутат аялдар. Шайлоочулардын тизмесине 3748 шайлоочу кирген, анын ичинен 1866 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 49,79%ды түздү. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 шайлоо участогу ачылган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 2 шайлоо округу түзүлгөн. Шекер айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 7 мандат аялдар үчүн калтырылган. 33 талапкер катталган, анын ичинен 10 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 7 депутат аялдар. Шайлоочулардын тизмесине 3350 шайлоочу кирген, анын ичинен 1531 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 45,70%ды түздү. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы 2 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыздар жана даттануулар түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги

- Бакыян айылдык кеңешинин

- Бейшеке айылдык кеңешинин

- Шекер айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
