Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-апрели № 39
2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 1 шайлоо участогу ачылган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 1 шайлоо округу түзүлгөн. Бакыян айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн калтырылган. 16 талапкер катталган, анын ичинен 5 талапкер аялдар. 11 депутат шайланды, анын ичинен 4 депутат аялдар. Шайлоочулардын тизмесине 2447 шайлоочу кирген, анын ичинен 1244 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 50,84%ды түздү. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы 1 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 3 шайлоо участогу ачылган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 3 шайлоо округу түзүлгөн. Бейшеке айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 8 мандат аялдар үчүн калтырылган. 41 талапкер катталган, анын ичинен 12 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 8 депутат аялдар. Шайлоочулардын тизмесине 3748 шайлоочу кирген, анын ичинен 1866 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 49,79%ды түздү. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 шайлоо участогу ачылган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 2 шайлоо округу түзүлгөн. Шекер айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 7 мандат аялдар үчүн калтырылган. 33 талапкер катталган, анын ичинен 10 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 7 депутат аялдар. Шайлоочулардын тизмесине 3350 шайлоочу кирген, анын ичинен 1531 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 45,70%ды түздү. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы 2 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыздар жана даттануулар түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги
- Бакыян айылдык кеңешинин
- Бейшеке айылдык кеңешинин
- Шекер айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 19 "Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин…Указ · 06.02.2023 · № 19
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62