Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-апрели № 35
2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 шайлоо участогу ачылган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 2 шайлоо округу түзүлгөн. Кеңеш айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 11, анын ичинен 5 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 23 талапкер катталган, анын ичинен 10 талапкер аялдар. 11 депутат шайланды, анын ичинен 5 депутат аялдар. Шайлоочулардын тизмесине 2106 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгө жалпысынан 809 шайлоочу катышып, 38,41%ды түздү. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы 2 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жана Кеңеш айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Кеңеш айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 19 "Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин…Указ · 06.02.2023 · № 19
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79