# Чүй айылдык кенешинин 2022 -жылдын 7-декабрындагы № 20/6 "Жергиликтүү салыктарды киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чүй айылдык кенешинин 2022 -жылдын 7-декабрындагы № 20/6 "Жергиликтүү салыктарды киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/6
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30948/edition/14417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чүй айылдык кенешинин 2022 -жылдын 7-декабрындагы № 20/6 "Жергиликтүү салыктарды киргизүү жөнүндө" токтому (07.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012051

---

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2022 -жылдын 7-декабры № 20/6

Жергиликтүү салыктарды киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы №4-мыйзамынын 3-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 1-январынан баштап Чүй айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү жергиликтүү мүлк салыктары жана жыйымдары киргизилсин.

1. Жергиликтүү мүлк салыктары:

1. Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы (турак жай жана турак эмес жай);

2. Турак эмес имаратка, курулмага жана жайга ;

3. Үй жанындагы короо-жайга жана багбанчылык-чарбак жер тилкесинин мүлк салыгы.

4. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер тилкесинин мүлксалыгы;

5. Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгы;

6. Унаа каражатынын мүлк салыгы.

2. Жыйымдар:

1.Таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйым.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кенешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго тапшырылсын.

Төрага

Р.А.Алиев
