# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-декабры № 1747-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-декабры № 1747-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1747-VII
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15770/edition/14414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-декабры № 1747-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболорду бекитүү тууралуу" токтому (21.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012048

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-декабры № 1747-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболорду бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболор бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларына жана депутаттык топторуна тиешелүү парламенттик фракциялар жана депутаттык топтор жөнүндө жоболорду иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу жөнүндө типтүү жоболорду негиз катары алуу сунушталсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н. О. Сыдыгалиев
