# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 14-октябрындагы № 92 "Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 14-октябрындагы № 92 "Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3720/edition/14402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230012035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 14-октябрындагы № 92 "Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (14.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012035

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2022-жылдын 14-октябры № 92

Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ш.А.Доолаткелдиеванын Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Доолаткелдиева Шырман Абдырахмановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ташкенбаева Ленура Каныбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
