Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-сентябры № 84
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 18-сентябрындагы № 4 чечими менен 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин тексти бекитилген. "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, "Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо даражасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген бюллетендердин текстине ылайык, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн формасын жана коргоо даражасын колдонуу менен шайлоо бюллетендерин Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.
3. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 "Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин…Постановление · 22.01.2020 · № 13
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Постановление Правительства КР от 22 сентября 1997 года №540 "Об изготовлении документов строгой отчетности"Постановление · 22.09.1997 · № 540
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын…Указ · 09.08.2022 · № 280