Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-августу № 77
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Begin_nocompare
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 17-августундагы № 77 токтому менен бекитилген
БАТКЕН ОБЛУСУ Кадамжай району
Майдан айылдык кеңеши (Мандаттын саны - 21 мандат, анын ичинен - 9 аялдар үчүн резерв) № 1 Кара-Жыгач шайлоо округу (УШК 8110) Борбору: Кара-Жыгач айылы, Кара-Жыгач көчөсү - 51 Айылдык клубунун имараты. Шайлоочунун саны: 2300. Мандаттын саны: 6. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 2 мандат. Чек арасы: Кара-Жыгач айылы, Кара-Жыгач, Кошбаков Тешебай, Мамасыдыков Асан, Жолдошов Шерикбек, Ташполотов Курсан, А.Галымбетов, Акматов Баатыр, Максутов Абдивали, Молдо Тойкул, Шава сай, Сулайманов Ташбалта, Кудайбердиев Турду, Топчубаев Кудайкул, Эргешов Абдыкалык, А.Полотов, Нишанбаев Ташан, Шермаматов Рахматилла, Мааназаров Г., Турдукулов Эрмек, М.Сарыбаев, А.Темирбаев көчөлөрү № 2 Майдан шайлоо округу (УШК 8111) Борбору: Майдан айылы, Кудайназаров Амиракул көчөсү - 6, Исфайрам орто мектебинин имараты. Шайлоочунун саны: 1896. Мандаттын саны: 5. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 2 мандат. Чек арасы: Майдан жана Пум айылдары, Кудайназаров Амиракул, Шамбы сай, Топчубаев Жамшит, Исаков Катан, Байматов Тургунбай, Примов Абдурасул, Садыков Эшман, Ж.Дамашов, Примов Абдурасул, Ташмат Амин, Койчиев Талас, Токторов Дурсунали, Молдобаев Закир, Сатыбалдыев Абдималик, Адаев Акматали, Таиров Орунбай, Айылчиев Шамши, Маатов Таир, Жолдошов Камчыбек, Манас Ажы, Молдо Малик, Абдираимов Абдыкадыр, Сексенбаев Эшманбет көчөлөрү. № 3 Кароол шайлоо округу (УШК 8112) Борбору: Кароол айылы, Ашуров Тилебалды көчөсү - 12, М.Таиров атындагы орто мектебинин имараты. Шайлоочунун саны: 608. Мандаттын саны: 2. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 1 мандат. Чек арасы: Кароол айылы, Майдан, Аустан, Кароол, Кереге-Таш айылдары (Козуев Мусакул, Бийжанов Анарбай, Мамашукуров Абдилла, № 1 көчөсү, № 2 көчөсү, № 3 көчөсү, Кароол айылы, Жоошов Каразак, Чокоев Эдилбай, Истамов Чила, Нишанов Таштан, Уста Садир, Ашуров Тилебалды көчөлөрү). № 4 Сары-Алтын шайлоо округу (УШК 8153) Борбору: Сары-Алтын айылы, Сары-Алтын көчөсү - 4, Сары-Алтын орто мектебинин имараты. Шайлоочунун саны: 1742. Мандаттын саны: 4. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 2 мандат. Чек арасы: Сары-Алтын, Бак, Акимбек, Жаңы-Абад айылдары, Сары-Алтын - 1, Сары-Алтын - 2, Сары-Алтын - 3, Сары-Алтын - 4, Сары- Алтын - 5, Сары-Алтын - 6, Сары-Алтын - 7, Сары-Алтын - 8, Сары-Алтын - 9, Сары-Алтын - 10, Бак - 1, Бак - 2, Бак - 3, Бак - 4, Бак - 5, Бак - 6, Бак - 7, Бак - 8, Акимбек - 1, Акимбек - 2 көчө, Акимбек - 3, Акимбек - 4, Акимбек - 5, Жаңы-Абад - 1, Жаңы-Абад - 2, Жаңы-Абад - 3, Жаңы-Абад - 4, Жаңы-Абад - 5, М.Турдалиев көчөлөрү. № 5 Исамариям шайлоо округу (УШК 8195) Борбору: Кара-Дөбө айылы, Кара-Дөбө көчөсү - 5, А.Темирбаев атындагы орто мектебинин имараты. Шайлоочунун саны: 1536. Мандаттын саны: 4. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 2 мандат. Чек арасы: Кара- Дөбө, Исфайрам айылдары, Кара-Дөбө - 1, Кара-Дөбө - 2, Кара-Дөбө - 3, Кара-Дөбө - 4, Кара-Дөбө - 5, Кара-Дөбө - 6, Кара-Дөбө - 7, Кара-Дөбө - 8, Кара-Дөбө - 9, Кара-Дөбө - 10, Кара-Дөбө - 11, Кара-Дөбө - 12, Кара-Дөбө - 13, Кара-Дөбө - 14, Келечек - 1, Келечек - 2, Келечек - 3, Келечек - 4, Келечек - 5, Келечек - 6, Келечек - 7, Исфайрам - 1, Исфайрам - 2, Исфайрам - 3, Исфайрам - 4, Исфайрам - 5, Исфайрам - 6, Исфайрам - 7, Исфайрам - 8, Исфайрам - 9, Кара-Дөбө - 15, Кара-Дөбө - 16, Кара-Дөбө - 17, Келечек - 8 , Келечек - 9 көчөлөрү. End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын…Указ · 09.08.2022 · № 280
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79