Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин иши жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 468 токтомуна)
Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин иши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин иши жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Бул Жобо менен көмөкчү юристтерди тандоонун жана ишин токтотуунун критерийлери, алардын ишинин тартиби, көмөкчү юристтердин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - ведомстволук бөлүм) жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун башка субъекттери менен мамилелери жөнгө салынат.
3. Көмөкчү юрист өз ишин "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ведомстволук бөлүм бекиткен көмөкчү юристтин ишинин сапатынын стандарттарына, ошондой эле ведомстволук бөлүмдүн башка актыларына ылайык жүзөгө ашырат.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөкчү юристтерге алардын толук кандуу иши үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө укуктуу.
2. Көмөкчү юристке коюлуучу талаптар
5. Кыргыз Республикасынын төмөнкү жараны көмөкчү юрист боло алат:
1) 21 жашка толгон;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге ылайык белгилүү чөйрөдө атайын билимдерге ээ, жогорку, орто кесиптик билими бар же толук эмес юридикалык билими бар;
3) ведомстволук бөлүм тарабынан аныкталуучу белгиленген тартипте сертификат алган;
4) Кыргыз Республикасынын көмөкчү юристтер ассоциациясынын мүчөсү болгон.
6. Көмөкчү юрист төмөнкүлөр боло албайт:
1) белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;
2) мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген адам;
3) мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу жоюлбаган адам.
3. Көмөкчү юристтерди тандоо, ишин токтотуу жана Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин реестрин жүргүзүү тартиби
7. Ушул Жобонун 5-пунктунун талаптарына жооп берген адам ведомстволук бөлүмгө төмөнкү документтердин негизинде кайрылат:
1) Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин реестрине (мындан ары - Реестр) киргизүү жөнүндө арыз;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тизмекке ылайык белгилүү чөйрөдөгү жогорку, атайын орто билими же толук эмес юридикалык билими жөнүндө документ;
3) соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
4) өздүгүн ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсү (паспорт).
Арыз ээси соттолбогондугу тууралуу маалымкатты жана өздүгүн ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсүн (паспорт) кагаз жүзүндө же санариптик форматта "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу бере алат.
8. Ведомстволук бөлүм арыз ээси тарабынан берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерет, бул үчүн берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү же ырастоо жөнүндө суроо-талап менен тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга кайрылууга укуктуу.
9. Ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык ведомстволук бөлүмгө берилген документтер алар келип түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча ведомстволук бөлүм арыз ээсин Реестрге киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
10. Ведомстволук бөлүм Реестрди кагаз жана электрондук формада жүргүзөт жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
11. Реестрде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) сертификаттын берилген күнү жана номери;
3) билими жөнүндө маалыматтар;
4) иш жүргүзүү аймагы.
Реестрде белгиленген ар кандай өзгөртүүлөр көмөкчү юристтер тарабынан ведомстволук бөлүмгө бир айдын ичинде маалымдалууга тийиш.
12. Көмөкчү юрист Реестрге киргизилген учурдан тартып бир айдын ичинде ведомстволук бөлүм тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тематикасы боюнча окуудан өтүп, тиешелүү сертификат алууга жана Кыргыз Республикасынын көмөкчү юристтер ассоциациясынын мүчөлүгүнө кирүүгө милдеттүү.
13. Сертификатта көмөкчү юристтин консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүгө укуктуу болгон маселелердин чөйрөсү көрсөтүлөт.
14. Көмөкчү юристтин иши төмөнкү учурларда токтотулат:
1) көмөкчү юристтин аны Реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы;
2) ушул Жобонун 12-пунктунда каралган мөөнөттө окуудан өтпөсө;
3) көмөкчү юристтин ишине тиешелүү мыйзамдардын жоболору бузулганда;
4) Кыргыз Республикасынын көмөкчү юристтер ассоциациясынын мүчөлүгүнө кирбесе же андан чыгарылса;
5) белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
7) соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) каза болгондо же аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
15. Көмөкчү юристти Реестрден чыгаруу жөнүндө ведомстволук бөлүмдүн чечими административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын көмөкчү юристтер ассоциациясы
16. Көмөкчү юристтер Кыргыз Республикасынын көмөкчү юристтер ассоциациясына (мындан ары - Ассоциация) биригишет.
Ассоциация милдеттүү мүчөлүккө негизделген, кесиптик кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде түзүлүүчү, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, көмөкчү юристтердин квалификациясын жогорулатууга жана алардын ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган көмөкчү юристтердин өз алдынча башкарылуучу жамааты болуп саналат. Ассоциациянын мүчөлүгүнө Реестрге киргизилген жана окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат алган көмөкчү юрист кабыл алынат.
17. Ассоциация жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасына кирбейт.
Ассоциациянын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) көмөкчү юристтердин жалпы чогулушу;
2) Кыргыз Республикасынын көмөкчү юристтер ассоциациясынын кеңеши (мындан ары - Кеңеш);
3) Кеңештин төрагасы;
4) этика боюнча комиссия.
Кыргыз Республикасынын көмөкчү юристтер ассоциациясынын жогорку башкаруу органы болуп көмөкчү юристтердин жалпы чогулушу саналат. Кыргыз Республикасынын көмөкчү юристтер ассоциациясынын башкаруу органдарынын компетенциясы ушул Жобо жана Ассоциациянын уставы менен регламенттелет. Кыргыз Республикасынын Көмөкчү юристтер ассоциациясынын ишине Кеңеш жана Ассоциациясынын төрагасы жетекчилик кылат. Кеңеш көмөкчү юристтердин жалпы чогулушун өткөрүүнүн ортосундагы мезгилде Ассоциациясынын ишине жалпы жетекчилик кылуучу орган болуп саналат жана 7 мүчөдөн турат. Кеңеш анын курамынын үчтөн экисинен кем эмесин түзгөн көмөкчү юристтердин ичинен түзүлөт, үчтөн бирин ведомстволук бөлүмдүн өкүлдөрү түзөт.
18. Ассоциация биринчи уюштуруу чогулушунда башкаруу органын шайлоо жана уставды бекитүү маселелерин чечет.
Ассоциациянын уставында төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
- уюмдун аталышы жана кыскартылган аталышы, юридикалык дареги;
- ишинин предмети жана максаты, ишин башкаруунун тартиби;
- башкаруу органдары жана ревизиялык органдары, алардын компетенциясы, шайлоонун, чакыртып алуунун тартиби, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
- укуктары жана милдеттери, уюмга мүчөлүккө кабыл алуунун жана андан чыгуунун (коомдук бирикме үчүн) шарттары жана тартиби;
- ассоциациянын каражаттарын жана башка мүлкүн түзүү булактары;
- уюмдун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби;
- алар жоюлган учурда мүлкүн бөлүштүрүү тартиби.
Уставда Ассоциациянын ишине тиешелүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболор каралышы мүмкүн.
19. Ассоциациянын функциялары:
1) көмөкчү юристтердин ишин өркүндөтүүгө катышуу;
2) иш стандарттары жана көмөкчү юристтерди окутуунун типтүү программалары жөнүндө сунуштарды киргизүү;
3) ведомстволук бөлүм менен макулдашуу боюнча Көмөкчү юристтердин кесиптик этика кодексин кабыл алуу;
4) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө көмөкчү юристтердин кызыкчылыктарын билдирүү;
5) Ассоциациянын башкаруу органын түзүү;
6) Ассоциациянын мүчөлүгүнө кабыл алуу;
7) ведомстволук бөлүм менен макулдашуу боюнча Ассоциациянын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
8) мыйзамдардын талаптарынын сакталбагандыгына, көрсөтүлүүчү консультациялык-укуктук жардамдын сапатына жана көмөкчү юристтердин кесиптик этикасынын бузулушуна даттанууларды кароо;
9) ведомстволук бөлүм менен макулдашуу боюнча көмөкчү юристтердин ишине мониторинг жүргүзүүнүн жана сапатын баалоонун методологиясын бекитүү;
10) көмөкчү юристтердин ишинин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
11) калкка укуктук билим берүү боюнча ар жылдык иш-чараларга, республикалык акцияларга, ведомстволук бөлүм аныктаган багыт боюнча укуктук жардам көрсөтүү боюнча социалдык өнөктүктөргө катышуу;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ассоциациянын уставында каралган башка функциялар.
20. Ассоциация өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка уюмдардан Ассоциациянын ишин жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартууга;
4) өздөрүнүн милдеттерин аткаруу максатында эл аралык, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардан техникалык, гуманитардык жана финансылык жардамдарды алууга жана пайдаланууга;
5) өзүнүн компетенциясынын чегинде чечимдерди кабыл алууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Көмөкчү юристтерди окутуу
21. Көмөкчү юристтерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Ассоциация тарабынан камсыз кылынат.
22. Көмөкчү юристтер үчүн окуу курстарынын тематикасы Ассоциациянын сунушу боюнча ведомстволук бөлүм тарабынан бекитилет.
23. Көмөкчү юристтер ведомстволук бөлүм уюштурган окуу курстарына, тренингдерге катышуу менен өздөрүнүн билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн туруктуу негизде өркүндөтүп турууга милдеттүү.
24. Көмөкчү юрист өзгөчө учурларда гана жүйөлүү себептерден улам, ден соолугунун абалына же үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу курстарга жарым-жартылай же толугу менен катышпай калышы мүмкүн. Окуу курстарына катышуу мүмкүн болбогон учурда көмөкчү юрист жазуу жүзүндө, анын ичинде электрондук почта аркылуу окутуунун уюштуруучуларына өзүнүн келбей калышынын себептери жөнүндө билдирет.
25. Көмөкчү юрист өз квалификациясын жылына бир жолудан кем эмес жогорулатууга милдеттүү.
6. Көмөкчү юристтердин консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тартиби
26. Көмөкчү юристтер консультациялык-укуктук жардамды жеке же коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарда каралган уюштуруу-укуктук формалардын биринде өздөрү түзгөн коммерциялык эмес уюмдар аркылуу көрсөтөт.
27. Көмөкчү юристтер өзүнүн компетенциясынын чегинде кайрылган адамга укуктук проблемасынын оптималдуу чечимин табууга жардам берүү менен консультациялык-укуктук жардам көрсөтөт.
28. Консультациялык-укуктук жардам көмөкчү юристтер тарабынан төмөнкүдөй түрдө акысыз көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын укуктук системасы, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкары тартипте жүзөгө ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо;
2) атайын билимдерге ээ белгилүү бир чөйрөнүн укуктук маселелери боюнча консультация берүү;
3) укуктук (процесстик эмес) мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам берүү;
4) адамдын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү.
29. Укуктук маселелер боюнча консультация берүүнүн негизги ыкмалары болуп жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын оозеки, жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларына көмөкчү юристтердин ишинин сапатынын стандарттарына ылайык консультацияларды берүү саналат.
7. Көмөкчү юристтин укуктары жана милдеттери
30. Көмөкчү юрист төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сунуштарды киргизүүгө жана көмөкчү юристтердин ишин өркүндөтүүгө катышууга;
2) иштин стандарттары жана көмөкчү юристтерди окутуунун типтүү программалары жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) калкка укуктук билим берүү боюнча иш-чараларга, ведомстволук бөлүм аныктаган багыт боюнча укуктук жардам көрсөтүү боюнча республикалык акцияларга, социалдык өнөктүктөргө катышууга;
4) коммерциялык эмес, социалдык, кайрымдуулук уюмдары жана башка фонддор жана бирликтер формасында, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка формаларда түзүлүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.
31. Консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү процессинде көмөкчү юрист төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) милдеттерди компетенттүү, натыйжалуу, өз убагында жана жоопкерчиликтүү аткарууга;
2) консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча өз ыйгарым укуктарынын чектерин так түшүндүрүүгө;
3) көмөкчү юристтердин этикасын сактоого;
4) айрым адамдарга же адамдардын тобуна расасы, улуту, этностук теги, тили, дини, жынысы, саясий таандыктыгы, мүлктүк абалы же социалдык теги боюнча артыкчылык бербестен объективдүү, калыс, адилеттүү, басмырлоосуз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүгө;
5) жарандар менен баарлашууда, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери менен мамилелерде сый-урматка, чынчылдыкка жана сылыктыкка негизделген жүрүм-турум эрежелерин сактоого;
6) күнүмдүк иште мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму жөнүндө маалымдоо жана анын кадыр-баркына, беделине же кызыкчылыктарына шек келтириши мүмкүн болгон ар кандай иш-аракеттерден алыс болууга;
7) консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү процессине зарыл болгон өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө;
8) кызыкчылыктардын кагылышуусунан алыс болууга;
9) жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.
32. Көмөкчү юристтин иш күнүнүн тартиби ал тарабынан өз алдынча аныкталат.
8. Көмөкчү юристтердин ишинин сапатынын стандарттары
33. Көмөкчү юристтер көрсөткөн консультациялык-укуктук жардамдын сапатын камсыз кылуу максатында ведомстволук бөлүм тарабынан көмөкчү юристтердин ишинин сапатынын стандарттары иштелип чыгат жана бекитилет, алар көмөкчү юристтердин ишинин бирдиктүү талаптарын жана эрежелерин камтыйт. Көмөкчү юристтердин ишинин сапатынын стандарттарында талаптарды белгилөө алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды пайдалануусун чектебейт.
34. Көмөкчү юристтердин ишинин сапатынын стандарттарын сактоо милдеттүү болуп саналат.
9. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун ведомстволук бөлүмдөрү жана башка субъекттери менен өз ара аракеттенүү тартиби
35. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында көмөкчү юрист ведомстволук бөлүм жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун башка субъекттери менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
36. Өз ара аракеттенүүнүн алкагында ведомстволук бөлүм:
1) көмөкчү юристтердин ишине карата сунуштарды жана сын пикирлерди киргизет;
2) көмөкчү юристтердин иш жүргүзүү аймагын аныктайт;
3) көмөкчү юристтерге методикалык жана практикалык колдоо көрсөтөт;
4) Реестрди жүргүзөт;
5) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте калкка укуктук билим берүү боюнча иш-чараларга, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча республикалык акцияларга, декадаларга, социалдык өнөктүктөргө көмөкчү юристтерди катышууга тартат;
6) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана ушул Жободо каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
10. Көмөкчү юристтердин жоопкерчилиги
37. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн көмөкчү юристтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 10.08.2022 · № 91
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.08.2024 · № 468