Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу» токтому.
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2024-жылдын 24-майы №26-1 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүнүн коэффициенти К 10 дон 30 га чейинки өлчөмүндө белгиленсин.
2.Токтомду аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Женишбай у. Э
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы 329-ни "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · Күчүн жоготкон