Каракол шаардык кенешинин 2024-жылдын 28 - майындагы № 28-43\14 «“Жылуулук менен камсыздоочу” ишканасынын филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы
2024-жылдын 28-майындагы №28-43\14
«Жылуулук менен камсыздоочу” ишканасынын филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ»
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 8-майындагы чыг:№01-16/1979 “Жылуулук менен камсыздоочу” ишканасынын филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳгʏ катын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, “Отун-энергетика комплексинин айрым маселелери жѳнʏндѳгʏ” 2024-жылдын 3-апрелиндеги, №УА89 Жарлыгын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, кредитордук жана дебитордук карыздарды тѳлѳѳнʏ
эске алуу менен,“Жылуулук менен камсыздоочу” ишканасынын филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн
областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,
курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.