Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 „XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө“ токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-январы № 64
Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин, Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракцияларынын каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан Чалов Ильяз Алмазович - "Эмгек" фракциясынын мүчөсү; турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан Токтогулов Максат Сарылбекович - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү; муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынан Акылбеков Асылбек Акылбекович - "Ишеним" фракциясынын мүчөсү.
2. Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Чалов Ильяз Алмазович - "Эмгек" фракциясынын мүчөсү; Токтогулов Максат Сарылбекович - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү; Акылбеков Асылбек Акылбекович - "Ишеним" фракциясынын мүчөсү.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 2-пункт төмөнкү мазмундагы 9, 10, 11-саптар менен толукталсын:
"9. Чалов Ильяз Алмазович - "Эмгек" фракциясынын мүчөсү;
10. Токтогулов Максат Сарылбекович - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү;
11. Акылбеков Асылбек Акылбекович - "Ишеним" фракциясынын мүчөсү";
б) 4-пункттун 5-сабы алынып салынсын;
в) 5-пункттун 2, 4-саптары алынып салынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2021 · № 3
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123