# 7-берене

- Документ: [Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5394/edition/14323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011962/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 7-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-7

---

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-статьяда:

а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9-статья. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри";

б) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзөт.";

в) 2-бөлүктө "Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин" деген сөздөр "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";

2) 19-статьянын экинчи бөлүгүнүн алтынчы абзацында "муниципалдык менчик объекттеринин реестрин" деген сөздөр "муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-8)
