6-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын биринчи бөлүгүндө "төрт жылдык" деген сөздөр "беш жылдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн жана чектеринин өзгөрүшү;";
3) 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Депутаттын статусу Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде кайра уюштурууга алып келүүчү административдик-аймактык бирдиктин чектери же административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмү өзгөргөн учурларда өзгөрөт.".
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011962/st-6" title="6-берене - Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>