# 5-берене

- Документ: [Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5394/edition/14323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011962/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-5

---

"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 1-статьянын 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20. Каттоо зонасы - жергиликтүү каттоо органынын зонасы, анын чектери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Ал административдик-аймактык бирдиктин бөлүгүнөн, же болбосо бир, эки же андан көп административдик-аймактык бирдиктерден турушу мүмкүн.";

3) 8-статьянын 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык түзүлгөн жергиликтүү каттоо органдары (мындан ары - каттоо органдары) каттоо зонасында укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат. Мында каттоо зонасынын чектери административдик-аймактык бирдиктердин чектери менен дал келбеши мүмкүн.

3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын органдарынын иши ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.";

4) 10-статьяда:

а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жергиликтүү каттоо органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте түзүлөт жана жоюлат.";

6) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыймылсыз мүлккө болгон укук жана кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.";

5) 251-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү жергиликтүү каттоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.";

6) 472-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"472-статья. Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды мамлекеттик каттоо Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды каттоону жергиликтүү каттоо органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-6)
