# 4-берене

- Документ: [Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5394/edition/14323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011962/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 24-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануу тартибин аныктоо, пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим кабыл алуу ушул Кодекстин жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.";

2) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) билим берүү, саламаттык сактоо, эс алуу, маданият, социалдык коргоо мекемелерин, турак жай жана коммуналдык чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, коргоо объекттерин күтүүгө, аксакалдар сотторунун ишин камсыз кылууга, муниципалдык ишканаларды субсидиялоого;".

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-5)
