# 15-берене

- Документ: [Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5394/edition/14323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011962/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 15-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-15

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши менен жергиликтүү кеңештер кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чектеринин өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу таркатылууга тийиш деп белгиленсин.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-августундагы № 63 (3617) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 20-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-14)
